Абды Суйоркулов

  •         Сүйөркулов Абды (25.12.1912, Токтогул району, Торкен айылы – 1992, Бишкек шаары) – мамлекеттик ишмер. 1926–1927-жылдары Жалалабат балдар үйүндө тарбияланган. 1927–1930-жылдары Бишкектин жана Ташкенттин орто окуу жайларында, Москва пландоо-экономикалык институтунда окуган, 1946-жылы КПСС БКнын жогорку партиялык мектебин бүткөн.
            Ал алгачкы эмгек жолун Эл комиссарлар Советинин Кетмен-Төбөдөгү налог жана финансы иштери боюнча баштап, отуз жашка караган курагында, Кыргызстан Коммунисттик Партиясынын Борбордук Комитетинин үчүнчү, анан экинчи секретарлыгына чейин кызматка көтөрүлгөн. Кесиби боюнча республиканын экономика – финансы иштерин мыкты билгендиктен, 38 жашында Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин Председателдигине дайындалат. Буга чейин Абды Сүйөркулович Жалал-Абад областтык аткаруу комитетинин председатели, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун председатели, кийинчерээк 11 жыл бою Соода министри болуп иштеген.
          Замандаштарынын айтымына караганда партиянын Борбордук Комитетинде, Жогорку Советте, Министрлер Советинде жетекчилик кылып турганда, кол алдындагы ондогон, жүздөгөн кадрлардын кимиси кайсы кызматта жүргөнүн так билип, аттарын жаңылбай айтчу экен. Улуу Ата Мекендик согуштун оор жылдарында батыштан эвакуацияланып келген элдерди Кыргызстанга жайгаштырууда, Фрунзе-Ош жолун салдырууда, Опера жана балет театрынын бүтпөй токтоп турган имаратын бүткөрүүдө, анын эмгеги зор экендиги баса белгиленип келген!
    Кыргыз ССР Министрлер Советин сегиз жыл бою башкарып турганда, кадрларды жөндөмүнө, ишкердүүлүгүнө карата жайгаштыра билген, эл үчүн жан аябай эмгектенген кызматкерлерди өзгөчө баалаган. 
    Ошол кызматтарда жүргөн жылдарынын көбүн, республикабыздын мыкты жетекчилеринин бири Исхак Раззакович Раззаков менен бирге иштешип өткөргөн.
    Пенсияга чыккандан кийин (1971–1978-жж.) Кыргыз ССР Эл чарба жетишкендиктер көргөзмөсүнүн директору болуп иштеген.
            А. Сүйөркулов И. Раззаковго тизгиндеш иштеп, катар отурган Республикалык чоң жыйындарда саясий, чарбалык, социалдык маселелер боюнча өкмөттүн башчысы катары жасаган докладдары, анын сабырдуу, далилдүү, ишенимдүү, токтоо сүйлөгөн сапаттары болгон.
            А. Сүйөркуловдун чыгармачыл адамдарды баалай, барктай билгендигинен Токтогулду, Калыкты, Жоомартты жаш кезинен таанып, алардын чыныгы элдик талант экенине таазим эткенинин натыйжасында өкмөттүк камкордукка алганы белгилүү. 
             Абды бийик мансапты ээлеген учурунда да шыктуу шаан-шөкөттү, ыр, күүнү, таң-тамашаны жерибей жактырганынан кыйлалар кабардар. Алсак, иш-сапарына чыкканда жүргөн-турганы сылык, сыпаа, ыр, дастандарды айтканда булбул дооштуу, комуз черткенде шаңдуу шайыр, уламадан, санжы-радан мезилдете санжаптаган айтылуу төкмө Алымкулду көп учурда жанына кошо ала жүрчү,– деп эскеришет замандаштары.
            А. Сүйөркулов Кыргыз ССР Жогорку Советине 5 жолу, СССР Жогорку Советине 3 жолу депутат болуп шайланган. Эки Ленин, 2 Эмгек Кызыл Туу ордендери жана медалдар менен сыйланган.